Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча Республикалык институту инклюзивдүү билим берүү боюнча жаңы онлайн-курс башталды

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча Республикалык институту «Инклюзивдүү билим берүүдөгү педагог» аттуу жаңы онлайн-курсту ишке киргизди. Курсту педагогика, психология жана социалдык-гуманитардык билим берүү кафедрасы иштеп чыккан.

WASH долбоорунун колдоосу менен түзүлгөн курс 10 тематикалык блоктон турат жана 72 академиялык саатка эсептелген. Ал инклюзиянын философиясы жана принциптери, майыптыкты түшүнүүнүн заманбап ыкмалары, ар түрдүү өнүгүү өзгөчөлүктөрү бар балдарды психологиялык-педагогикалык колдоо, эрте кийлигишүү технологиялары, ошондой эле инклюзивдүү билим берүү чөйрөсүн калыптандыруудагы педагогдун ролу сыяктуу негизги маселелерди камтыйт.

Программа РИПКнын туруктуу тренингдеринин бир бөлүгү болуп, мугалимдердин өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдар менен ийгиликтүү иш алып баруусу үчүн зарыл болгон кесиптик жана жеке компетенцияларын өнүктүрүүгө багытталган.

Окуу онлайн-форматта башталып, Кыргызстандын 20 аймактык мектебин камтыды. Лекциялар жана практикалык сабактар заманбап билим берүү технологияларын колдонуу менен интерактивдүү форматта өтүп, катышуучуларды талкууларга активдүү тартууга жана инклюзивдүү өз ара аракеттенүү көндүмдөрүн чыңдоого шарт түзүүдө.

ВАКАНСИЯ: ӨЗ УНААСЫ БАР АЙДООЧУ

ЕБ долбоору «Жагымдуу окуу чөйрөсүн түзүүгө көмөктөшүү»

Кыргызстандын айыл мектептеринде санитария, гигиена жана инклюзивдүү билим берүү шарттарын жакшыртууга багытталган долбоор өз унаасы бар айдоочу кызмат ордуна конкурс жарыялайт.

Милдеттери:

  • Долбоор командасына транспорттук колдоо көрсөтүү;
  • Долбоор кызматкерлерин, документтерди жана жабдууларды өз убагында жеткирүү;
  • Унааны техникалык жактан жакшы абалда кармоо;
  • Жүрүш графигин жана маршруттарды так сактоо.

Талаптар:

  • Техникалык абалы жакшы жеке унаанын болушу;
  • Айдоочу болуп кеминде 3 жыл иштеген тажрыйба;
  • Кыргызстандын аймактарын жакшы билүү;
  • Жоопкерчилик, тактык жана сылык мамиле;
  • В категориясындагы айдоочулук күбөлүк;
  • Иш сапарларга даяр болуу.

Контракттын мөөнөтү: 8 ай

Кызыккандар 2025-жылдын 23-сентябрга чейин саат 17:00гө чейин kenduino2023@gmail.com дарегине кызыгуусун билдирген каттарын жөнөтүүлөрү керек.

Инклюзивдүү билим берүү боюнча балдар үчүн жаңы китеп жарык көрдү

Инклюзияны өнүктүрүү жана ар бир бала үчүн билим берүүнү жеткиликтүү кылуу максатында долбоордун алкагында башталгыч класстардын окуучуларына арналган атайын басылма даярдалды.

Бул басылма кыргыз жана өзбек тилдеринде иштелип чыгып, инклюзиянын маанисин жөнөкөй жана түшүнүктүү тил менен түшүндүрөт. Китеп мектепте ар бир баланын өзүн ыңгайлуу жана маанилүү сезүүсүн, достук мамилени жана бири-бирине жардам берүүнү колдоону максат кылат.

Публикация долбоордун колдоосу менен иштелип чыгып, максаттуу мектептерге таратылды. Бул материал мугалимдерге, ата-энелерге жана балдарга инклюзияны түшүндүрүүдө пайдалуу кошумча курал катары кызмат кылат.

Китеп төмөнкү негизги бөлүмдөрдү камтыйт:

  • 1-бөлүм: Баарыбыз ар башкабыз – баарыбыз өзгөчөбүз (ар түрдүүлүктү түшүнүү);
  • 2-бөлүм: Досторду түшүнүү жана жардам берүү (достук жана колдоо маданияты);
  • 3-бөлүм: Мектеп – баарыбыз үчүн достук жай (коопсуз жана инклюзивдүү чөйрө түзүү);
  • 4-бөлүм: Окуу – ар бирөөнүн укугу (билим алуу укугу жана мыйзамдык негиздер);
  • 5-бөлүм: Инклюзия – бул биздин келечек (инклюзиянын коом үчүн мааниси).

Бул басылма инклюзия темасын балдарга түшүнүктүү формада жеткирүү менен бирге, достук, урмат-сый жана бирге билим алуу баалуулуктарын жайылтууну көздөйт.

Бишкекте инклюзивдик билим берүү боюнча тренингдер цикли башталды

2025-жылдын 27-августунда Бишкек шаарындагы №115 орто мектебинде инклюзивдик билим берүү боюнча алгачкы тренинг болуп өттү. Иш-чара оффлайн форматта өтүп, инклюзия тармагында мугалимдердин кесиптик компетенцияларын жогорулатууга багытталган 10 тренингден турган циклдин башталышы болду. Калган тогуз тренинг онлайн форматта уюштурулат. Бул иш-чарага борбордогу ар кандай мектептерден келген 25 мугалим катышты.

Тренингдин ачылышында №115 мектептин директору Ыскакова К.Ы., Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун (РИПК КР) директору А.Д. Токтомаметов, Школьно-психолого-медико-педагогикалык комиссиясынын (ШПМПК) төрайымы Т.Т. Мамыралиева жана Долбоордун атынан билим берүү боюнча эксперт Кудайбердиева Г.К. куттуктоо сөздөрү менен чыгышты.

Тренингдин спикерлери — РИПК КРдин кызматкерлери Артыкбаева Г.Э. жана Абдылдабеков Б.А. болуп, алар заманбап майыптык түшүнүктөрү, инклюзивдик билим берүүнүн максаттары жана принциптери, ошондой эле баалуулуктарга негизделген окутуу маселелерине арналган сессияларды өткөрүштү.

Бул тренингдер цикли Кыргызстандагы билим берүү мекемелеринде инклюзивдик практиканы өнүктүрүүдө чоң мааниге ээ. Анын максаты – мугалимдерди өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдар менен натыйжалуу иштөөгө даярдоо жана жеткиликтүү, тең укуктуу жана коопсуз мектеп чөйрөсүн түзүүгө көмөктөшүү.

Видеону шилтеме аркылуу өтүп көрө аласыз.

https://www.youtube.com/shorts/Bq_mGseUvYs https://www.youtube.com/shorts/4wqzIsWHZzM

Айылдык мектептердеги WASH шарттарын жакшыртуу иштери соңуна чыгып баратат

Европа Биримдиги тарабынан каржыланган “Жагымдуу окуу чөйрөсүн түзүүгө көмөктөшүү” долбоорун Италиядагы Danilo Dolci уюму жана “Кең Дүйнө” коомдук бирикмеси биргеликте ишке ашырууда.

Долбоордун негизги максаты — инклюзивдүү жана жеткиликтүү билим берүүнү өнүктүрүү, STEAM жана “жашыл” көндүмдөрдү жайылтуу, ошондой эле WASH (суу, санитария жана гигиена) шарттарын жакшыртуу аркылуу окуучулар үчүн дени сак жана коопсуз чөйрө түзүү.

Учурдагы абал:
Тандалган 10 айылдык мектепте таза суу, желдетүү жана санитардык жайларды оңдоо жана жаңылоо иштери аягына чыгып баратат. Айрым мектептерде акыркы техникалык орнотуулар жүрүп жатат.

Долбоор алкагында аткарылган негизги иштер:

  • Суу жана санитардык системаларды жаңылоо;
  • Жылуулук жана желдетүү жабдууларын орнотуу;
  • WASH жабдыктарын камсыз кылуу менен 8 000ден ашуун окуучунун шарттарын жакшыртуу;
  • Гигиеналык көндүмдөрдү жайылтуу үчүн окутуу жана маалымат берүү иш-чаралары;
  • Туруктуу каржылоо жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин өнүктүрүү.

Жаңы окуу жылына даярдык:
Бардык оңдоо жана жаңылоо иштеринин жыйынтыгында мектептер жаңы окуу жылына толук даяр болот. Бул окуучулар үчүн окуу процесси мурдагыдан да ыңгайлуу жана комфорттуу болушуна шарт түзөт. Натыйжада, тандалган мектептерде билим берүүнүн деңгээли жана сапаты жогорулап, окуучулардын ийгилиги үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат.

Кыргызстан мектептеринде инклюзивдүү билим берүү өнүгүүдө

Кыргызстанда акыркы жылдары билим берүү тармагында инклюзивдүүлүк принциптерин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Бул – ар бир окуучуга, анын мүмкүнчүлүктөрүнө, ден соолук абалына, тилине же социалдык шарттарына карабастан, сапаттуу билим алуу үчүн бирдей шарт түзүү дегенди билдирет.

Европа Биримдиги тарабынан колдоого алынган “Жагымдуу окуу чөйрөсүн түзүүгө көмөктөшүү” долбоорунун алкагында учурда мектептерде инклюзивдүүлүк боюнча методикалык көрсөтмө иштелип жатат. Бул документ мугалимдер, мектеп жетекчилери жана билим берүү адистери үчүн практикалык кеңештерди, сунуштарды жана ыкмаларды камтыйт.

Методикалык көрсөтмөнүн негизги максаттары:

  • Мектеп чөйрөсүндө ар бир окуучунун укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн коргоо;
  • Өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдарга ылайыкташтырылган окуу материалдарын жана окутуу ыкмаларын сунуштоо;
  • Мугалимдердин инклюзивдүү окутуу боюнча компетенцияларын жогорулатуу;
  • Окуучулар жана ата-энелер арасында түшүнүүчүлүк жана колдоо атмосферасын түзүү.

Инклюзивдүү билим берүү – бул жөн гана билим берүү ыкмасы эмес, бул коомду бириктирүүчү жана ар бир баланын мүмкүнчүлүгүн ачууга шарт түзүүчү маанилүү багыт. Кыргызстан мектептеринде бул принциптердин жайылышы менен окуучулар бири-бирине боорукер, түшүнүктүү жана колдоочу мамиле кылган жаңы муун катары калыптанууда.

Позитивдүү өзгөрүүлөр:
Долбоор алкагында иштелип жаткан методикалык көрсөтмө мугалимдердин ишин жеңилдетип гана койбостон, ар бир окуучуга ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат. Бул мектептерде билим берүүнүн сапатын жогорулатып, билим алуу процессин бардык балдар үчүн кызыктуу жана жеткиликтүү кылат.

Кыргызстан мектептеринде WASH шарттарын жакшыртуу боюнча изилдөө жүрүп жатат

Европа Биримдиги тарабынан каржыланган жана Италиядагы Centro per lo Sviluppo Creativo “Danilo Dolci” уюму менен Кыргызстандагы “Кең Дүйнө” коомдук бирикмеси өнөктөштүктө ишке ашырып жаткан “Жагымдуу окуу чөйрөсүн түзүүгө көмөктөшүү” долбоорунун алкагында өлкө мектептеринде суу, санитария жана гигиена (WASH) шарттарын жакшыртуу боюнча кеңири изилдөө жүргүзүлүп жатат.

Бул иш-чара 2024-жылдын октябрь айында өткөрүлгөн баштапкы изилдөөнүн жыйынтыгында аныкталган олуттуу көйгөйлөрдөн улам башталган. Алгачкы маалыматтар көрсөткөндөй, өлкө мектептеринин болгону 22,5% гана жетиштүү дааратканага ээ болгон, 46,1%ында ысык же жылуу суу жок, ал эми 20,2% респонденттер санитардык шарттарды “начар” деп баалашкан.

Учурдагы изилдөө эмнени камтыйт:

  • Онлайн сурамжылоолор, талаа иштерин жүргүзүү жана терең маектешүүлөр аркылуу маалымат топтоо;
  • Долбоорго тандалган айылдык жана тоолуу аймактардагы аялуу мектептердин абалын баалоо;
  • 2024-жылдагы баштапкы маалыматтар менен салыштыруу.

Изилдөөнүн максаты – долбоор ишке ашкандан кийин WASH инфраструктурасында жана окуучулардын гигиеналык жүрүм-турумунда болгон өзгөрүүлөрдү аныктоо.

Алгачкы байкоолор көрсөткөндөй, айрым мектептерде даараткана жана жуунуу жайлары оңдолуп, жылытуу жана желдетүү системалары орнотулган, ошондой эле сабын, антисептик жана кол кургаткыч сыяктуу гигиеналык каражаттар жеткиликтүү боло баштаган. Бул өз кезегинде окуучулардын гигиеналык көндүмдөрүн жакшыртып, ден соолугуна жана мектепке катышуусуна оң таасир берүүдө.

Изилдөөнүн жыйынтык отчёту 2025-жылдын экинчи жарымында сунушталат жана анда WASH шарттарын улуттук деңгээлде туруктуу жакшыртуу боюнча сунуштар берилет.

Кыргызстандагы мектептерде гигиена: балдардын саламаттыгы жана келечеги үчүн кам көрүү

Мектеп гигиенасы — бул жөн гана эрежелердин жыйындысы эмес, ар бир окуучунун ден соолугу жана жыргалчылыгы үчүн кам көрүүнүн маанилүү бөлүгү. Кыргызстанда да, дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөй эле, мектептеги санитардык шарттарга көңүл буруу балдардын үлгүрүмдүүлүгүнө, маанайына жана өнүгүүсүнө түз таасир этет. Таза жана коопсуз чөйрө окуучуларга өзүн ыңгайлуу сезүүгө, кызыгуу менен билим алууга жана өз мүмкүнчүлүктөрүн толук ачууга жардам берет.

Мектеп гигиенасынын негизги багыттары

1. Имараттын тазалыгы жана санитардык абалы
Класстарды, коридорлорду, ажатканаларды жана башка мектеп жайларын үзгүлтүксүз тазалоо — бул дени сак атмосферанын негизи. Кыргызстандагы мектептерде окуучулар таза жана жаңы аба менен дем алышы үчүн дезинфекция жана желдетүү иштерине өзгөчө көңүл бурулат.

2. Коопсуз суу менен камсыздоо жана канализация
Таза ичүүчү сууга жеткиликтүүлүк жана колду самын менен жуу үчүн жабдылган жайлар — жугуштуу оорулардын алдын алуунун маанилүү бөлүгү. Заманбап мектептер суу менен камсыздоо жана канализация системаларын санитардык нормаларга ылайык кармоого аракет кылышат.

3. Дени сак тамактануу
Мектеп ашканаларындагы толук кандуу жана тең салмактуу түшкү тамактар балдардын билим алуу үчүн зарыл болгон витаминдерди жана энергияны алуусуна жардам берет. Өндүрүмдөрдүн сапатына, ашкана жана идиш-аяктын санитардык абалына өзгөчө көңүл бурулат.

4. Окуучулардын жеке гигиенасы
Балдар ден соолугуна кам көрүүнү үйрөнүшөт: тамактын алдында кол жуу, тиш тазалоо, дене жана кийим тазалыгын сактоо. Бул үчүн мектептерде умывалниктер, самын жана ажатканалар жеткиликтүү болушу керек.

5. Медициналык коштоо
Медкабинет, үзгүлтүксүз медициналык текшерүүлөр, эмдөөлөрдү көзөмөлдөө жана биринчи жардам көрсөтүү — мунун баары окуучулардын ден соолугу адистердин көзөмөлүндө болушун камсыздайт.

Кошумча ыңгайлуулуктар

  • Жарыктандыруу жана желдетүү — класстарда жетиштүү табигый жана жасалма жарык камсыздалат, желдетүү системасы таза аба жана ыңгайлуу микроклимат түзөт.
  • Мебель жана жабдуулар — парта жана отургучтар балдардын боюна жана жаш өзгөчөлүгүнө жараша тандалат, заманбап жабдуулар билим алуу процессин кызыктуу жана ыңгайлуу кылат.
  • Психологиялык климат — мектептерде урматтоо жана колдоо атмосферасы түзүлөт, буллинг жана дискриминацияга жол берилбейт, ар бир окуучу өзүн достук жамааттын мүчөсү катары сезет.

Эмне үчүн бул маанилүү?

Гигиеналык нормаларды сактоо — бул балдардын ден соолугуна жана келечегине инвестиция. Таза чөйрө, коопсуз суу, пайдалуу тамактануу жана психологиялык ыңгайлуулук оорулардын санын азайтып, концентрацияны жогорулатат жана окуудагы жыйынтыктарды жакшыртат.

Мындан ары жакшыртуу боюнча сунуштар

  • Санитардык текшерүүлөрдү жана оңдоо иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү.
  • Окуучуларды жеке гигиена жана дени сак жашоо образы боюнча окутуу программаларын өнүктүрүү.
  • Мектептерди санитардык шарттарды жогорку деңгээлде сактоо үчүн жетиштүү каржылоо.
  • Ата-энелерди жана жергиликтүү коомчулукту гигиеналык маданиятты калыптандырууга тартуу.

Кыргызстандагы мектеп гигиенасы — бул азыркы гана эмес, улуттун келечеги үчүн да кам көрүү. Коопсуз, таза жана достук мамиледеги билим берүү чөйрөсүн түзүү менен биз балдардын дени сак, өзүнө ишенген жана жаңы ийгиликтерге даяр болуп өсүшүнө көмөк көрсөтөбүз.

Кант шаарынын Д. П. Зубков атындагы №1 орто мектеп-гимназиясында мектеп чөйрөсүн жакшыртуу долбоорунун алкагында санитардык түйүндөрдүн капиталдык оңдоосу аяктады

Кант шаарындагы Д. П. Зубков атындагы №1 орто мектеп-гимназиясында санитардык түйүндөрдү оңдоо иштери толук аяктады. Жаңылоо иштери Европалык Биримдиктин каржылык колдоосу менен Италиянын “Danilo Dolci” уюму жана «Кен Дуйно» коомдук бирикмеси ишке ашырып жаткан «Жагымдуу окуу чөйрөсүн түзүүгө көмөктөшүү» долбоорунун алкагында жүргүзүлдү.

Жүргүзүлгөн оңдоо иштеринин аркасында мектеп-гимназияда заманбап, таза жана ыңгайлуу санитардык түйүндөр ишке берилди. Бул жайлар инклюзия талаптарына жана гигиеналык нормаларга жооп берет. Санитардык түйүндөр бардык окуучулар, анын ичинде кыз балдар жана мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар үчүн ыңгайлуу шарттар менен жабдылды.

Коопсуз санитардык шарттарга жана таза ичүүчү сууга жеткиликтүүлүк – балдардын саламаттыгын, кадыр-баркын жана сапаттуу билим алууга тең мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылууда абдан маанилүү. Мектептердеги WASH инфраструктурасын жакшыртуу балдардын ден соолугун чыңдап гана тим болбостон, сабакка катышуусун жогорулатып, ыңгайлуу жана шыктандырган окуу чөйрөсүн түзөт.

Долбоор Кыргызстандагы 10 айыл мектебин камтыйт. Аталган мектептерде коопсуз ичүүчү суу, жылуулук системасын жакшыртуу жана бардык жыныстагы окуучуларга ыңгайлуу, жеткиликтүү санитардык шарттарды түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул чаралар балдардын дени сак гигиеналык адаттарын күнүмдүк мектеп жашоосунун бөлүгү кылууга багытталган.

Кант шаарындагы Д. П. Зубков атындагы №1 мектеп-гимназиясындагы жаңыланган санитардык түйүндөр – ар бир бала коопсуз, урматталган жана колдоочу чөйрөдө билим алып, өнүгө турган мектептерди түзүүгө дагы бир чоң кадам болуп саналат.

М. Гапаров атындагы мектеп-интернатында ашкана жана кол жуу бөлмөсү оңдолуп бүткөрүлдү

Европа Биримдигинин колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Жагымдуу окуу чөйрөсүн түзүүгө көмөктөшүү”  долбоорунун алкагында, айылдык мектептердеги WASH объектилерин жакшыртуу боюнча субподряддын негизинде Ноокат районундагы Ош облусунун М. Гапаров атындагы мектеп-интернатында ашкана жана ага кире бериштеги кол жуу бөлмөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Иштер Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай коомунун өнөктөштүгүндө аткарылып, тамактануу жана жеке гигиенаны сактоо үчүн коопсуз, таза жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталды. Ремонттун алкагында полдор, дубалдар жана шыптар жаңыланып, заманбап жарыктандыруу орнотулду, санитардык жабдуулар жана кол жуу үчүн раковиналар алмаштырылды, таза суу жана зарыл гигиеналык каражаттарга жеткиликтүүлүк камсыздалды.

Бул жакшыртуулар мекемедеги санитардык-гигиеналык шарттарды жогорулатып гана тим болбостон, окуучулардын тамактын алдында кол жуу адатын бекемдөөгө да өбөлгө түзөт. Бул болсо түздөн-түз алардын ден соолугуна жана окуудагы ийгиликтерине таасир этет.

Айылдык мектептердеги WASH долбоору окуучулардын таза суу, санитария жана гигиенага жеткиликтүүлүгүн камсыздоого, ошондой эле жагымдуу жана инклюзивдүү билим берүү чөйрөсүн түзүүгө багытталган. М. Гапаров атындагы мектеп-интернаты жаңыланган инфраструктурасы менен окуучуларга көп жылдар бою кызмат кылат.