Жаңылыктар

2025-жылдын 13–14-декабрында Бишкек шаарында Bishkek FIRST Regional 2025 чемпионаты болуп өттү.

Эки күндүн ичинде катышуучулар робототехника боюнча ар түрдүү категорияларда күч сынашып, инженердик чечимдерин, программалоо жөндөмдөрүн жана командалык иштөө көндүмдөрүн көрсөтүштү. Чемпионаттын программасына расмий калыстар баалоосу, тандоо беттештери, плей-офф жана финалдык мелдештер кирди.

Командалар калыстар менен болгон маектерде өз долбоорлорун жана иштеп чыккан роботторун тааныштырып, техникалык көрсөткүчтөрү, чыгармачылыгы, долбоорлоо процесси, командалык кызматташуусу жана FIRST программасынын баалуулуктарына болгон берилгендиги боюнча бааланды. Катышуучулар жогорку деңгээлдеги даярдыгын, ишенимдүүлүгүн жана атаандаштык шартында иштей билүү жөндөмүн көрсөтүштү.

Чемпионат FIRST LEGO League Explore, FIRST LEGO League Challenge жана FIRST Tech Challenge категориялары боюнча салтанаттуу сыйлоо аземи менен жыйынтыкталды. Жеңүүчүлөр инновациялык ыкмасы, техникалык чеберчилиги жана натыйжалуу командалык иши үчүн сыйланышты. Ошондой эле иш-чаранын ийгиликтүү өтүшүнө салым кошкон насаатчылар жана ыктыярчылар да сертификаттар жана сыйлыктар менен белгиленди.

Чемпионатка Кыргызстан жана Казакстандан келген 350 окуучу, насаатчы жана конок катышты. Жалпысынан Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарынан 10 мектеп, ошондой эле Казакстандан өнөктөш мектептер катышып, билим берүү жаатындагы аймактар аралык жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түздү.

Белгилей кетүүчү жагдай, мелдешке WASH долбоорунун алкагында робототехника жабдуулары менен камсыздалган бир мектеп да катышты. Долбоордун колдоосу окуучулардын STEAM багытындагы билимин кеңейтүүгө, санариптик көндүмдөрүн жана инженердик ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, ошондой эле мектепти аймактык деңгээлде таанытууга мүмкүнчүлүк берди.

Bishkek FIRST Regional 2025 STEM-билим берүүнү өнүктүрүүдөгү маанилүү окуя болуп, робототехника боюнча чемпионаттар инженердик компетенцияларды, командалык ишти жана келечектеги кесиптерге даярдоону илгерилетүүдөгү ролун дагы бир жолу тастыктады.

Тендерге чакыруу

Айылдык мектептерде WASH шарттарын жана жеткиликтүү STEAM билим берүүнү жакшыртуу

“Нижнечуй орто мектеби-интернаты” үчүн ЕБ колдогон долбоордун алкагында WASH (суу, санитария жана гигиена) жана инклюзивдүү билим берүү чөйрөсүн жакшыртуу боюнча иштерди аткарууга подрядчылар тендерге чакырылат.

Кыскача маалымат

Айылдык мектептерде таза суу, жылытуу, санитардык түйүндөр жана гигиена шарттарын жакшыртуу — окуучулардын (анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын) ден соолугу жана сапаттуу билим алуусу үчүн зарыл шарт. STEAM билим берүүнү инновациялык технологиялар менен камсыздоо да мектеп чөйрөсүн коопсуз жана инклюзивдүү кылуу үчүн маанилүү.

Долбоордун алкагында төмөнкү үлүштөргө көңүл бурулат:

  • коопсуз ичүүчү суу;
  • санитардык жана гигиеналык объектилердин жеткиликтүүлүгү;
  • инклюзивдүү жана гендерге сезимтал шарттарды түзүү;
  • мектеп имараттарындагы WASH инфраструктурасын жөнөкөй жана туруктуу чечимдер менен жакшыртуу.

Тендер:

Подрядчылар төмөнкү иштерди аткаруу үчүн сунуш берүүгө чакырылат:

  • чаша Генуя (Genova type squat toilet pan) бочкаларды сатып алуу жана орнотуу;
  • суу жылыткыч орнотуу;
  • тиешелүү WASH жабдыктарын жакшыртуу боюнча кошумча иштер.

Максат

Нижнечуй орто мектеби-интернатында балдар үчүн коопсуз, таза жана инклюзивдүү окуу чөйрөсүн түзүүгө көмөктөшүү.

Документтерди берүүнүн тартиби  

Кыргызстанда катталган юридикалык жактар өтүнмө берүүгө укуктуу. Өтүнмө төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:

•           Кызыкчылыкты билдирүү, тиешелүү тажрыйбаны жана контекст боюнча маалымат берүү;

•           Долбоорду баалоого болгон мамилеңизди,   техникалык сунуш.

•           Деталдуу каржылык сунуш.

•           Өтүнмөңүздү 21 ноябрь 2025-жыл саат 18.00 ге чейин kenduino2023@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүңүз: “АЙЫЛДЫК МЕКТЕПТЕРДИН WASH (СУУ, САНИТАРИЯ, ЖАНА ГИГИЕНА) ЖАЙЛАРЫН ЖАКШЫРТУУГА КОЛДОО КӨРСӨТҮҮ   МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН БАЛДАРДЫ ҮНДӨӨ”   

25–26-октябрь 2025-жылдары Ош шаарында First Lego League робототехника боюнча чемпионат өттү

25–26 октябрь 2025-жылы Ош шаарында First Lego League боюнча робототехника чемпионаты уюштурулду. Иш-чарага ЕБ каржылаган “Жагымдуу окуу чөйрөнү жакшыртууга көмөктөшүү” долбоорунун алкагында робототехника жабдуулары менен камсыздалган 5 мектеп толук катышты.

Бул мектептер долбоор аркылуу FIRST LEGO League, FIRST LEGO League Challenge, LEGO Education Spike Essential, Spike Prime жана кошумча сенсорлор, моторлор, ноутбуктар жана роботторду чогултууга керектүү материалдар менен жабдылган. Мектептердеги мугалимдер да робототехника жана STEAM сабактарын окутууга арналган тренингдерден өтүшкөн.

Чемпионат “Санариптик жана жашыл билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн акыркы чакырымдык туташуу” (Connectivity) долбоорунун колдоосу менен уюштурулду. Бул долбоор мектептерди байланышка туташтырып, санариптик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган.

Чемпионаттын жүрүшүндө окуучулар роботторду программалап, инженердик маселелерди чечип, командалык иштөө көндүмдөрүн көрсөтүштү. Иш-чара STEAM билим берүүнү өнүктүрүүгө, мектептердин предметтик жана санариптик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө чоң салым кошту.

Эки ЕБ долбоорунун — “Жагымдуу окуу чөйрөнү жакшыртууга көмөктөшүү” жана “Санариптик жана жашыл билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн акыркы чакырымдык туташуу” — биргелешкен колдоосу менен Ош шаарындагы мектептерде билим берүүнүн жаңы форматы калыптанып, окуучулар үчүн инновациялык мүмкүнчүлүктөр кеңейүүдө.

Инклюзия борборунда ачык сабактар өтүлүүдө

Бишкек шаарындагы №115 орто жалпы билим берүү мектебинин алдында Европа Биримдигинин «Жагымдуу окуу чөйрөсүн түзүүгө көмөктөшүү» долбоорунун колдоосу менен түзүлгөн Инклюзия борборунда иш-аракеттер активдүү жүрүп жатат.

Бүгүнкү күндө борбордо башталгыч класстын окуучулары үчүн атайын ачык сабактар өтүп, инклюзивдүү билим берүүнүн мыкты тажрыйбалары колдонулууда. Сабактарда ар түрдүү темалар камтылып, балдардын кабыл алуусун, өз ара түшүнүшүүсүн жана бири-бирине болгон урмат-сыйын күчөтүүгө багытталган интерактивдүү методдор пайдаланылууда.

Сабактарда атайын иштелип чыккан окуу материалдары жана таяныч басылмалар колдонулуп, ар бир бала өз мүмкүнчүлүгүнө жараша катыша тургандай шарттар түзүлүүдө. Публикациялар балдардын социалдык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана толеранттуулукту калыптандырууга көмөктөшүүчү маанилүү курал катары кызмат кылууда.

Инклюзия борборунун ишмердүүлүгү билим берүү процессин ар тараптан колдоого алып, бардык балдар үчүн жагымдуу жана жеткиликтүү билим берүү чөйрөсүн түзүүгө багытталган.

Эл аралык Инклюзия күнүнө карата майрам: балдар үчүн кубаныч жана жылмайуу

2025-жылдын 10-октябры — Эл аралык Инклюзия күнү дүйнө жүзүндө бардык адамдардын, өзгөчө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын коомдук турмушка толук кандуу катышуусун жана укуктарынын сакталышын колдоого арналган күн. Бул күн биринчи жолу 2011-жылы белгиленип, билим берүүдө, иште, коомдук жашоодо бардык адамдарга тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуунун маанилүүлүгүн эскертип келет. Ушул маанилүү күнгө  карата Бишкек шаарынын №115 орто жалпы билим берүү мектебинде жаркын жана кубанычтуу майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Башталгыч класстын окуучулары үчүн чоң куурчактар катышкан шоу-программа жана ар түрдүү кызыктуу интерактивдер уюштурулуп, майрам өзгөчө көңүлдүү жана жылуу маанайда өттү. Балдардын жүзүндө жылмайуу, кубанычтуу кыйкырыктар жана жалпы биримдик майрамдын негизги өзөгүн түздү. Майрамдык иш-чара мугалимдерди, окуучуларды бириктирип, ар бир баланын кабыл алынышы, достугу жана колдоосу кандай маанилүү экенин дагы бир жолу эскертип өттү. Иш-чара инклюзивдүү билим берүүнү өнүктүрүүгө болгон мектеп жамаатынын жана коомчулуктун умтулуусун чагылдырды. Мектеп бул иш-чара аркылуу ар бир бала өзүн коопсуз, бааланган жана колдоого алынган деп сезе турган жагымдуу билим берүү чөйрөсүн түзүүгө карай ишенимдүү кадам жасоодо. Иш-чара Европа Биримдигинин «Жагымдуу окуу чөйрөсүн түзүүгө көмөктөшүү» долбоорунун колдоосу менен уюштурулду.

Инклюзивдүү билим берүү борбору менен РИПКППР ортосунда кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду

2025-жылдын 9-октябрында өткөн иш-чаранын алкагында Педагог кызматкерлерин кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу республикалык институту (РИПКППР) менен Бишкек шаарынын № 115 орто мектебинин ортосунда кызматташуу боюнча келишимге салтанаттуу түрдө кол коюлду. Келишимдин негизинде № 115 мектеп РИПКППР үчүн инклюзивдүү билим берүү боюнча базалык стажировкалык аянтча макамына ээ болду. Бул келишим педагогдордун практикалык даярдыгын кеңейтүүгө, тажрыйба алмашууга жана инклюзивдүү билим берүү тармагындагы заманбап ыкмаларды активдүү киргизүүгө шарт түзөт. Тараптардын жетекчилери бул кызматташтык билим берүүдөгү өнөктөштүктү бекемдөөгө жана ар бир бала үчүн билим берүү сапатын жогорулатууга өбөлгө болорун белгилешти. Бул борбор Европа Биримдигинин «Жагымдуу окуу чөйрөсүн түзүүгө көмөктөшүү» долбоорунун колдоосу менен ачылды.

Инклюзивдүү билим берүү боюнча курстун аякташы жана сертификаттарды салтанаттуу тапшыруу

2025-жылдын 9-октябрында Бишкек шаарынын № 115 орто мектебинде Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун мугалимдери үчүн инклюзивдүү билим берүү боюнча тренингдердин жыйынтыгын чыгаруу жана сертификаттарды тапшыруу аземи өттү. Иш-чарага инклюзивдүү билим берүүнү ишке ашырып жаткан мугалимдер, ошондой эле Европа Биримдигинин «Жагымдуу окуу чөйрөсүн түзүүгө көмөктөшүү» долбоорунун өкүлдөрү жана Педагог кызматкерлерин кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу республикалык институту (РИПКППР) катышты. Аземдин жүрүшүндө «Инклюзивдүү билим берүүнү уюштуруунун методикалык ыкмалары» аттуу курсту ийгиликтүү аяктаган катышуучуларга сертификаттар тапшырылды. Бул окуу курсу мугалимдердин кесиптик компетенцияларын жогорулатууга жана өлкө боюнча билим берүү мекемелеринде инклюзивдүү практикаларды өнүктүрүүгө багытталган. Эске салсак, РИПК тарабынан долбоордун колдоосу менен бул тематика боюнча 10 тренингден турган курс өткөрүлгөн.

“Жагымдуу окуу чөйрөсүн түзүүгө көмөктөшүү”  долбоорунун алкагында Кыргызстандын 13 мектебинде санитардык түйүндөр жаңыланды

“Жагымдуу окуу чөйрөсүн түзүүгө көмөктөшүү”  долбоорунун алкагында республиканын 13 мектебинде дааратканалар модернизацияланып, окуучулар жана мугалимдер үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, ошондой эле билим берүү мекемелеринде санитария жана гигиена деңгээлин жогорулатууга шарт түзүлдү.

Учурда долбоордун кызматкерлери төмөнкү мектептерди мониторингдик айлампа менен кыдырып чыгышты:

  • Нижнечүй интернаты,
  • Бишкектеги мектеп (мурунку Лебединов мектеби №1),
  • Ош облусунун Кара-Суу жана Алай райондорундагы мектептер.

Мектеп директорлору жана долбоордун кызматкерлери менен болгон маектердин жүрүшүндө окуучулардын мектепке баруусу көбөйүп, балдардын ооруп калуу учурлары кыйла азайганы белгилүү болду. Бул өзгөрүүлөр санитардык инфраструктураны жакшыртуунун балдардын ден соолугу жана жыргалчылыгы үчүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу тастыктады.

Жакынкы күндөрү долбоордун кызматкерлери Кант шаарынын жана Чүй облусунун Аламүдүн районундагы мектептерине, ошондой эле Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна иш сапар менен барышы пландалууда.

Бул долбоор мектептердин инфраструктурасын чыңдоого, ден соолукка пайдалуу жана коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүүгө, ошондой эле окуучулар үчүн гигиеналык шарттарды жакшыртууга багытталган тажрыйбаларды киргизүүгө өбөлгө түзөт.

Таза мектеп — ден соолукка жана билимге жол!

Кыргызстандын аймактарындагы мектептерде санитардык шарттарды жакшыртуу иштери уланууда. Мониторингдин алкагында долбоордун кызматкерлери Кыргызстандын түштүк аймагына — Ош облусуна иш сапар менен барышты. Сапардын жүрүшүндө Кара-Суу жана Алай райондорундагы үч мектепте жүргүзүлгөн санитардык инфраструктураны модернизациялоо иштери менен жеринде таанышуу өткөрүлдү. Бардык үч мектепте үч баскычтуу тазалоо мүмкүнчүлүгүнө ээ заманбап анаэробдук септик системалары орнотулду. Бул чечим мектептердеги санитардык шарттарды жакшыртууга, экологиялык коопсуздукту камсыздоого жана окуучулар үчүн гигиеналык жагымдуу чөйрө түзүүгө чоң салым кошот.

Мектеп директорлору белгилешкендей, санитардык шарттардын жакшыртылышынын натыйжасында окуучулардын, өзгөчө кыз балдардын, мектепке келүүсү кыйла жогорулаган. Бул өзгөрүү алардын физиологиялык муктаждыктары үчүн ыңгайлуу шарттардын түзүлүшү менен байланыштуу. Мындан тышкары, ОРВИ жана ичеги-карын оорулары сыяктуу жугуштуу оорулардын учурлары азайганы байкалган. Бул факт санитардык-гигиеналык инфраструктураны жакшыртуунун балдардын ден соолугу жана билимге жетүүсү үчүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу тастыктады.

Эске салсак, “Жагымдуу окуу чөйрөсүн түзүүгө көмөктөшүү” долбоорунун алкагында өлкөнүн региондорунда жайгашкан 13 мектепте дааратканалар модернизацияланып, санитардык түйүндөргө ремонт жүргүзүлгөн. Бул иштердин натыйжасында миңдеген окуучулар үчүн коопсуз, гигиеналык жана ыңгайлуу окуу шарттары түзүлдү.

Балдар үчүн белектер: «Оберег» реабилитациялык борборуна 60 белек топтому тапшырылды

«Жагымдуу окуу чөйрөсүн түзүүгө көмөктөшүү» долбоорунун алкагында «Оберег» реабилитациялык борборунун балдарына 60 комплект мектепке керектүү кеңсе буюмдары жана рюкзактар тапшырылды.

Белектер балдардын окууга болгон кызыгуусун арттыруу жана мектепке даярдыгын колдоо максатында берилди. Ар бир топтомдо рюкзак, дептерлер, жазуу жана сүрөт тартуу үчүн керектүү кеңсе буюмдары камтылган.

Бул иш-чара борбордун 22 жылдык мааракесине карата уюштурулуп, балдар үчүн майрамдык маанай тартуулады. Белектерди тапшыруу менен бирге чоң куурчактардын шоусу көрсөтүлүп, майрам өзгөчө кубаныч тартуулады.

«Оберег» реабилитациялык борбору — өзгөчө колдоого муктаж балдар үчүн камкордук жана өнүгүү борбору болуп эсептелет. Долбоордун өнөктөштөрү билим берүү чөйрөсүндө инклюзивдүүлүктү өнүктүрүү жана бардык балдар үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө салым кошуп жатышат.