Айылдык мектептерде WASH шарттарын жана жеткиликтүү STEAM билим берүүнү жакшыртуу
“Нижнечуй орто мектеби-интернаты” үчүн ЕБ колдогон долбоордун алкагында WASH (суу, санитария жана гигиена) жана инклюзивдүү билим берүү чөйрөсүн жакшыртуу боюнча иштерди аткарууга подрядчылар тендерге чакырылат.
Кыскача маалымат
Айылдык мектептерде таза суу, жылытуу, санитардык түйүндөр жана гигиена шарттарын жакшыртуу — окуучулардын (анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын) ден соолугу жана сапаттуу билим алуусу үчүн зарыл шарт. STEAM билим берүүнү инновациялык технологиялар менен камсыздоо да мектеп чөйрөсүн коопсуз жана инклюзивдүү кылуу үчүн маанилүү.
Долбоордун алкагында төмөнкү үлүштөргө көңүл бурулат:
- коопсуз ичүүчү суу;
- санитардык жана гигиеналык объектилердин жеткиликтүүлүгү;
- инклюзивдүү жана гендерге сезимтал шарттарды түзүү;
- мектеп имараттарындагы WASH инфраструктурасын жөнөкөй жана туруктуу чечимдер менен жакшыртуу.
Тендер:
Подрядчылар төмөнкү иштерди аткаруу үчүн сунуш берүүгө чакырылат:
- чаша Генуя (Genova type squat toilet pan) бочкаларды сатып алуу жана орнотуу;
- суу жылыткыч орнотуу;
- тиешелүү WASH жабдыктарын жакшыртуу боюнча кошумча иштер.
Максат
Нижнечуй орто мектеби-интернатында балдар үчүн коопсуз, таза жана инклюзивдүү окуу чөйрөсүн түзүүгө көмөктөшүү.
Документтерди берүүнүн тартиби
Кыргызстанда катталган юридикалык жактар өтүнмө берүүгө укуктуу. Өтүнмө төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
• Кызыкчылыкты билдирүү, тиешелүү тажрыйбаны жана контекст боюнча маалымат берүү;
• Долбоорду баалоого болгон мамилеңизди, техникалык сунуш.
• Деталдуу каржылык сунуш.
• Өтүнмөңүздү 21 ноябрь 2025-жыл саат 18.00 ге чейин kenduino2023@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүңүз: “АЙЫЛДЫК МЕКТЕПТЕРДИН WASH (СУУ, САНИТАРИЯ, ЖАНА ГИГИЕНА) ЖАЙЛАРЫН ЖАКШЫРТУУГА КОЛДОО КӨРСӨТҮҮ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН БАЛДАРДЫ ҮНДӨӨ”




















