ЕБ долбоору «Жагымдуу окуу чөйрөсүн түзүүгө көмөктөшүү»
Кыргызстандын айыл мектептеринде санитария, гигиена жана инклюзивдүү билим берүү шарттарын жакшыртууга багытталган долбоор өз унаасы бар айдоочу кызмат ордуна конкурс жарыялайт.
Милдеттери:
- Долбоор командасына транспорттук колдоо көрсөтүү;
- Долбоор кызматкерлерин, документтерди жана жабдууларды өз убагында жеткирүү;
- Унааны техникалык жактан жакшы абалда кармоо;
- Жүрүш графигин жана маршруттарды так сактоо.
Талаптар:
- Техникалык абалы жакшы жеке унаанын болушу;
- Айдоочу болуп кеминде 3 жыл иштеген тажрыйба;
- Кыргызстандын аймактарын жакшы билүү;
- Жоопкерчилик, тактык жана сылык мамиле;
- В категориясындагы айдоочулук күбөлүк;
- Иш сапарларга даяр болуу.
Контракттын мөөнөтү: 8 ай
Кызыккандар 2025-жылдын 23-сентябрга чейин саат 17:00гө чейин kenduino2023@gmail.com дарегине кызыгуусун билдирген каттарын жөнөтүүлөрү керек.