Европа Биримдигинин колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Жагымдуу окуу чөйрөсүн түзүүгө көмөктөшүү” долбоорунун алкагында, айылдык мектептердеги WASH объектилерин жакшыртуу боюнча субподряддын негизинде Ноокат районундагы Ош облусунун М. Гапаров атындагы мектеп-интернатында ашкана жана ага кире бериштеги кол жуу бөлмөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.
Иштер Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай коомунун өнөктөштүгүндө аткарылып, тамактануу жана жеке гигиенаны сактоо үчүн коопсуз, таза жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталды. Ремонттун алкагында полдор, дубалдар жана шыптар жаңыланып, заманбап жарыктандыруу орнотулду, санитардык жабдуулар жана кол жуу үчүн раковиналар алмаштырылды, таза суу жана зарыл гигиеналык каражаттарга жеткиликтүүлүк камсыздалды.
Бул жакшыртуулар мекемедеги санитардык-гигиеналык шарттарды жогорулатып гана тим болбостон, окуучулардын тамактын алдында кол жуу адатын бекемдөөгө да өбөлгө түзөт. Бул болсо түздөн-түз алардын ден соолугуна жана окуудагы ийгиликтерине таасир этет.
Айылдык мектептердеги WASH долбоору окуучулардын таза суу, санитария жана гигиенага жеткиликтүүлүгүн камсыздоого, ошондой эле жагымдуу жана инклюзивдүү билим берүү чөйрөсүн түзүүгө багытталган. М. Гапаров атындагы мектеп-интернаты жаңыланган инфраструктурасы менен окуучуларга көп жылдар бою кызмат кылат.
