ВАКАНСИЯ: ӨЗ УНААСЫ БАР АЙДООЧУ

ЕБ долбоору «Жагымдуу окуу чөйрөсүн түзүүгө көмөктөшүү»

Кыргызстандын айыл мектептеринде санитария, гигиена жана инклюзивдүү билим берүү шарттарын жакшыртууга багытталган долбоор өз унаасы бар айдоочу кызмат ордуна конкурс жарыялайт.

Милдеттери:

  • Долбоор командасына транспорттук колдоо көрсөтүү;
  • Долбоор кызматкерлерин, документтерди жана жабдууларды өз убагында жеткирүү;
  • Унааны техникалык жактан жакшы абалда кармоо;
  • Жүрүш графигин жана маршруттарды так сактоо.

Талаптар:

  • Техникалык абалы жакшы жеке унаанын болушу;
  • Айдоочу болуп кеминде 3 жыл иштеген тажрыйба;
  • Кыргызстандын аймактарын жакшы билүү;
  • Жоопкерчилик, тактык жана сылык мамиле;
  • В категориясындагы айдоочулук күбөлүк;
  • Иш сапарларга даяр болуу.

Контракттын мөөнөтү: 11 ай

Кызыккандар 2025-жылдын 23-майына чейин саат 17:00гө чейин kenduino2023@gmail.com дарегине кызыгуусун билдирген каттарын жөнөтүүлөрү керек.