Европа Биримдиги тарабынан каржыланган жана Италиядагы Centro per lo Sviluppo Creativo “Danilo Dolci” уюму менен Кыргызстандагы “Кең Дүйнө” коомдук бирикмеси өнөктөштүктө ишке ашырып жаткан “Жагымдуу окуу чөйрөсүн түзүүгө көмөктөшүү” долбоорунун алкагында өлкө мектептеринде суу, санитария жана гигиена (WASH) шарттарын жакшыртуу боюнча кеңири изилдөө жүргүзүлүп жатат.
Бул иш-чара 2024-жылдын октябрь айында өткөрүлгөн баштапкы изилдөөнүн жыйынтыгында аныкталган олуттуу көйгөйлөрдөн улам башталган. Алгачкы маалыматтар көрсөткөндөй, өлкө мектептеринин болгону 22,5% гана жетиштүү дааратканага ээ болгон, 46,1%ында ысык же жылуу суу жок, ал эми 20,2% респонденттер санитардык шарттарды “начар” деп баалашкан.
Учурдагы изилдөө эмнени камтыйт:
- Онлайн сурамжылоолор, талаа иштерин жүргүзүү жана терең маектешүүлөр аркылуу маалымат топтоо;
- Долбоорго тандалган айылдык жана тоолуу аймактардагы аялуу мектептердин абалын баалоо;
- 2024-жылдагы баштапкы маалыматтар менен салыштыруу.
Изилдөөнүн максаты – долбоор ишке ашкандан кийин WASH инфраструктурасында жана окуучулардын гигиеналык жүрүм-турумунда болгон өзгөрүүлөрдү аныктоо.
Алгачкы байкоолор көрсөткөндөй, айрым мектептерде даараткана жана жуунуу жайлары оңдолуп, жылытуу жана желдетүү системалары орнотулган, ошондой эле сабын, антисептик жана кол кургаткыч сыяктуу гигиеналык каражаттар жеткиликтүү боло баштаган. Бул өз кезегинде окуучулардын гигиеналык көндүмдөрүн жакшыртып, ден соолугуна жана мектепке катышуусуна оң таасир берүүдө.
Изилдөөнүн жыйынтык отчёту 2025-жылдын экинчи жарымында сунушталат жана анда WASH шарттарын улуттук деңгээлде туруктуу жакшыртуу боюнча сунуштар берилет.
