Кыргызстандагы мектептерде WASH жана STEAM шарттарын изилдөө

2024-жылдын 11-июнунан 11-августуна чейин Европалык Союздун “Жагымдуу окуу чөйрөсүн түзүүгө көмөктөшүү” (WASH) долбоорунун колдоосу менен “Социологиялык, саясий жана социалдык-психологиялык изилдөөлөр борбору” тарабынан Кыргызстандын айылдык 19 мектебинде WASH (Суу, санитария жана гигиена) жана STEAM (Илим, технология, инженерия, искусство жана математика) шарттары боюнча сурамжылоо өткөрүлдү. Изилдөөнүн максаты – мектептердин учурдагы абалын баалоо жана негизги маселелерди аныктоо.

Негизги багыттар:

  • WASH темалары окуу программасына киргизилгенби;
  • Мугалимдердин билими жана окуучулардын гигиеналык эрежелерди сактоосу;
  • STEAM сабактарынын абалы, жабдуулардын жеткиликтүүлүгү;
  • Окуучулардын STEAM сабактарына кызыгуусу.

Катышуучулар: Изилдөөгө Кыргызстандын 6 аймагынан 19 мектеп тандалды. Алар эң муктаж жана жетишсиз шарттарда иштеген билим берүү мекемелери болуп эсептелет.

Жыйынтыктар: Көп мектептерде ички дааратканалар начар абалда, жылуу суу жетишсиз. STEAM жаатында болсо, мектептердин 32,6% гана жабдуулар жетиштүү деп эсептейт, 43,8% орто, 23,6% начар деп белгилешкен. Бул лабораторияларды жаңыртуу жана окуу материалдарын камсыздоо зарылдыгын көрсөтөт.

Сунуштар:

STEAM лабораторияларын ачуу:

  1. Ляшенко атындагы орто мектеби, Ысык-Көл
  2. Кыргызстан 60 жылдыгы атындагы орто мектеби, Баткен
  3. Салихов атындагы орто мектеби, Баткен
  4. Ю.А. Гагарин атындагы №27 орто мектеби, Жалал-Абад
  5. Жоомарт Бөкөнбаев атындагы интернат мектеби, Жалал-Абад
  6. Сыдык Алайчы уулу атындагы №87 мектеп-гимназиясы

WASH шарттарын жакшыртуу:

  1. Төмөнкү-Чүй интернаты
  2. Аламүдүн №1 орто мектеби
  3. И. Айдарбеков атындагы мектеп-гимназиясы
  4. Роза Азимова атындагы №13 орто мектеби
  5. Ю.А. Гагарин атындагы орто мектеби
  6. А. Масалиев атындагы №17 орто мектеби
  7. Бабур атындагы орто мектеби
  8. М. Гапаров атындагы интернат мектеби
  9. Кадырмамат атындагы №4 интернат мектеби
  10. Отунчиев атындагы №2 орто мектеби

Жыйынтык: Бул изилдөө айыл мектептеринде WASH жана STEAM шарттарын жакшыртуу зарылдыгын көрсөттү. Финансылык жана техникалык колдоо мектептердеги билим берүү жана санитардык шарттарды жакшыртууга жардам берет.

Жогорудагы шилтеме аркылуу изилдөөнү таба аласыз:

https://drive.google.com/file/d/1L39mcnQK8XusesWeZeyOiTQra8-nCavV/view?usp=drive_link