Европа Биримдиги тарабынан каржыланган “Жагымдуу окуу чөйрөсүн түзүүгө көмөктөшүү” долбоорун Danilo Dolci (Италия) жана “Кең Дуйнө” коомдук бирикмеси биргеликте ишке ашырууда.
Долбоордун максаты – инклюзивдүү жана жеткиликтүү билим берүүнү өнүктүрүү, мектептерде STEAM жана “жашыл” көндүмдөрдү жайылтуу, ошондой эле WASH шарттарын жакшыртуу аркылуу окуучулар үчүн дени сак жана коопсуз чөйрө түзүү.
Негизги иш-аракеттер:
- Тандалган 10 айылдык мектепте таза суу, жылуулук, желдетүү жана санитардык шарттарды жакшыртуу.
- 8,000ден ашуун окуучуну камтыган мектептерде WASH жабдыктарын орнотуу.
- Туруктуу каржылоо жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин өнүктүрүү.
- Гигиеналык көндүмдөрдү жайылтуу аркылуу жүрүм-турумду өзгөртүү.
Подрядчылар үчүн чакыруу: Экономикалык жактан пайдалуу сунуштарга басым жасоо менен, WASH шарттарын жакшыртууга багытталган иш-чаралар үчүн 10 субподряд мүмкүнчүлүгү сунушталат. Каралып жаткан субконтрактар айылдык окуучулар үчүн WASH жабдыктарын орнотуу/жаңыртуу менен байланышкан иш-чараларды жана жакшыраак окуу чөйрөсүн каржылоого багытталган.
Толук маалыматты бул шилетеме аркылуу билсеңиздер болот.