2024-жылдын 26-28-август күндөрү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Республикалык квалификацияны жогорулатуу институту (РИПК) Европалык Союздун “Жагымдуу окуу чөйрөсүн түзүүгө көмөктөшүү” (WASH) долбоорунун колдоосу менен «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мамлекеттик стандартын жана предметтик стандарттарды жаңылоонун шарттарында натыйжалуу сабак өтүүнүн стратегиялары. Замандын талабына ылайык сабак курууда SCAFFOLD карталарын колдонуу» темасында тренинг өткөрүүдө.
Тренинг Ош мамлекеттик университетинин Окуу-конференциялык борборунун базасында өтүп жатат.
Тренингдин максаты – мугалимдерди Европалык Союздун колдоосу менен иштелип чыккан SCAFFOLD карталарын колдонуп, натыйжалуу сабактарды пландаштырууга үйрөтүү. Бул инструменттер инклюзивдүү жана жеткиликтүү билим берүүнүн принциптерин STEAM (илим, технология, инженерия, искусство жана математика) жаатындагы жана “жашыл” көндүмдөрдү өнүктүрүү менен айкалыштырууга жардам берет.
Тренингге Ош шаарынын, Кара-Суу жана Араван райондорунун мектептеринен 50 мугалим катышууда. Квалификацияны жогорулатуу боюнча практикага багытталган модулдук курсунун алкагында иштелип чыккан программасы 72 сааттык окутууну камтыйт. Анын 24 сааты ушул тренингдин алкагында оффлайн форматында өтөт, 20 сааты онлайн форматында жана 28 сааты өз алдынча иштөө үчүн бөлүнгөн. Курстун жыйынтыгында катышуучулар тестирлөөдөн өтүп, тренердик сертификаттарга ээ болушат.
Бул тренинг мугалимдерге жогорку билим берүү стандарттарына жооп берүү менен бирге, окуучулардын негизги жана предметтик компетенцияларын натыйжалуу калыптандырууга жардам берет. Сабактын максатын коюу, окутуунун ыкмаларын жана стратегияларын тандоо сыяктуу негизги кыйынчылыктарды жеңүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
Европалык Союздун “Жагымдуу окуу чөйрөсүн түзүүгө көмөктөшүү” WASH долбоору ошондой эле мектептердин инфраструктурасын, байланыштарын жана билим берүү чөйрөсүн жакшыртууга багытталган, бул Кыргыз Республикасынын мектептеринде инклюзивдүү жана заманбап билим берүү чөйрөсүн түзүүгө жардам берет.









