Юридикалык эксперт талап кылынат

Баланын билим алууга, таза сууга жана санитарияга болгон укугу – бул ажырагыс адам укугу. Мектептердеги WASH (суу, санитария жана гигиена) кызматы өкмөттүн жана жергиликтүү бийликтин күн тартибинде артыкчылыкка ээ болушу керек. Ар бир бала билим алууга укуктуу жана ага мектепте таза суу, санитардык жана гигиеналык шарттар камсыз болушу зарыл.

Долбоор ушул максатта тандалган айыл мектептеринде инновациялык чечимдерди иштеп чыгып, жайылтуу үчүн көп сектордуу өнөктөштүктү түзүп жатат. Долбоор билим берүү мазмуну жана инфратүзүмдүн кемчиликтерин жоюуга, айылдык балдар үчүн инклюзивдүү жана STEAM билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн түзүүгө багытталган.

Бул максатта:

  • Билим берүү инфраструктурасын каржылоону туруктуу жана бышык кыла турган кеңештер берилет;
  • WASH кызматтарын жана санарип байланыш инфраструктурасын тейлөөгө реалдуу каржылоо пландары иштелип чыгат;
  • Мектептерде WASH жана санарип байланыш объектилерин орнотуу жана тейлөө боюнча инструкторлорду даярдоо (ToT) өткөрүлөт;
  • Билим берүү чөйрөсүндөгү ар кыл кызыкдар тараптар менен социалдык диалог жүргүзүлүп, биргелешкен аракеттерди түзүүгө түрткү берет (анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу кошумча каржылоо мүмкүнчүлүгү каралат).

Долбоор ошондой эле мектептерде саламаттыкты жана билим берүү ийгилигин жогорулатуу үчүн туруктуу WASH кызматтарына инвестиция тартуу зарылдыгын баса белгилейт. Долбоор катышуучу тараптар менен биргеликте WASH тармагындагы укуктук, каржылык жана институционалдык чөйрөнү түзүүгө салым кошууну максат кылат.

Өлкөдөгү мамлекеттик башкаруу реформасы жана санариптештирүү процесси калк, бизнес жана өкмөттүн ортосундагы укуктук мамилелерди өзгөрттү. Маалыматтардын көлөмү жана мааниси тездик менен өсүүдө, ал эми аларды коргоо боюнча маселе татаал бойдон калууда. Жаңы эрежелер маалымат субъекттеринин укуктарын кеңейтти жана эреже бузууларга санкциялар каралган. Маалымат жоготуу учурлары маалыматтык коопсуздук жана купуялуулук боюнча коңгуроо кагууда. Долбоор күн сайын укуктук чакырыктарга туш болууда. Өзгөчө укуктук жана социалдык контекстти эске алуу менен долбоордун бардык иш-аракеттери мыйзам талаптарына шайкеш болушу шарт.

Ошондуктан, долбоор Кыргыз жана Өзбек тилдеринде иш алып баруу үчүн социалдык-укуктук адисти 100 жумушчу күнгө тартууну көздөөдө.


II. Күтүлгөн натыйжалар

Кызмат көрсөтүүнүн максатына жана багытына ылайык төмөнкүдөй жыйынтыктар талап кылынат:

  • Долбоорго жана анын өнөктөштөрүнө маалымат, WASH саясаты, консультация, жана укуктук талкууларда социалдык-укуктук колдоо көрсөтүү;
  • WASH объектилерин долбоорлоо, орнотуу, саясат жана отчет берүү жараяндарына катышуу;
  • Социалдык-укуктук эрежелерди, маалыматтарды, статистиканы жана нормативдик алкакты талдоо боюнча кеңеш берүү;
  • Социалдык медиалар менен кызматташтыкты кеңейтүү аркылуу социалдык диалогду күчөтүү жана кеңири аудиторияга жетүү.

III. Талаптар

  • Юридика же тиешелүү тармакта жогорку билим (магистратура жана андан жогору);
  • Өкмөт, жергиликтүү бийлик, жарандык коом, жеке сектор, мугалимдер, студенттер жана калк менен укуктук маселелерде иштөө тажрыйбасы – 3 жылдан кем эмес;
  • Инфратүзүмдү укуктук жөнгө салуу жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (PPP) багытында социалдык укуктук түшүнүк жана тажрыйба;
  • Аналитикалык жана текст жазуу жөндөмдөрү жогору, ишти сапаттуу жана өз убагында тапшыруу;
  • Жогорку деңгээлдеги баарлашуу жөндөмү;
  • Кыргыз тилин мыкты билүү (жазуу жана сүйлөө), Өзбек жана Англис тилдери артыкчылык катары эсептелет.

IV. Мөөнөтү

Бул тапшырма үзгүлтүк менен 10 айга созулат.


V. Төлөм тартиби

Ар бир ай үчүн отчеттук таблицаларды тапшыргандан жана жактырылгандан кийин ай сайын төлөнөт.


Кантип кайрылуу керек

Өтүнмөңүздү kenduino2023@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүңүз

Кайрылуунун акыркы мөөнөтү: 30-апрель 2025, саат 17:00 (Бишкек убактысы)


https://kenduino.info/wp-content/uploads/2025/04/ToR-WASH-legal-expert.docx