Эл аралык Инклюзия күнүнө карата майрам: балдар үчүн кубаныч жана жылмайуу

2025-жылдын 10-октябры — Эл аралык Инклюзия күнү дүйнө жүзүндө бардык адамдардын, өзгөчө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын коомдук турмушка толук кандуу катышуусун жана укуктарынын сакталышын колдоого арналган күн. Бул күн биринчи жолу 2011-жылы белгиленип, билим берүүдө, иште, коомдук жашоодо бардык адамдарга тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуунун маанилүүлүгүн эскертип келет. Ушул маанилүү күнгө  карата Бишкек шаарынын №115 орто жалпы билим берүү мектебинде жаркын жана кубанычтуу майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Башталгыч класстын окуучулары үчүн чоң куурчактар катышкан шоу-программа жана ар түрдүү кызыктуу интерактивдер уюштурулуп, майрам өзгөчө көңүлдүү жана жылуу маанайда өттү. Балдардын жүзүндө жылмайуу, кубанычтуу кыйкырыктар жана жалпы биримдик майрамдын негизги өзөгүн түздү. Майрамдык иш-чара мугалимдерди, окуучуларды бириктирип, ар бир баланын кабыл алынышы, достугу жана колдоосу кандай маанилүү экенин дагы бир жолу эскертип өттү. Иш-чара инклюзивдүү билим берүүнү өнүктүрүүгө болгон мектеп жамаатынын жана коомчулуктун умтулуусун чагылдырды. Мектеп бул иш-чара аркылуу ар бир бала өзүн коопсуз, бааланган жана колдоого алынган деп сезе турган жагымдуу билим берүү чөйрөсүн түзүүгө карай ишенимдүү кадам жасоодо. Иш-чара Европа Биримдигинин «Жагымдуу окуу чөйрөсүн түзүүгө көмөктөшүү» долбоорунун колдоосу менен уюштурулду.