«Кен Дүйно» коомдук бирикмеси Италиянын «Danilo Dolci» уюму менен биргеликте жана Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен WASH (суу, санитария жана гигиена) жана STEAM (илим, технология, инженерия, искусство жана математика) багыттары боюнча Кыргыз Республикасынын мектептеринде билим берүүнүн сапатын баалоо үчүн эки баскычтуу изилдөө жүргүзүүгө юридикалык жактар арасында конкурс жарыялайт.
Изилдөө эки этаптан турат: баштапкы этап (2024-жылдын июнь–сентябрь айлары) жана жыйынтыктоочу этап (2026-жылдын январь–март айлары). Изилдөө билим берүү чөйрөсүн, инфратүзүмдү жана окуучулардын билимин талдоону камтыйт.
Арыздарды тапшыруу мөөнөтү — 2024-жылдын 10-июнуна чейин.
Арыз төмөнкүдөй документтерден турушу керек:
- кызыкдар болуу каты (1 беттен ашпаган);
- техникалык сунуш (3 бетке чейин);
- каржылык сунуш (чыгымдардын деталдуу сметасы менен).
Арыздар төмөнкү электрондук даректерге жөнөтүлүшү керек:
📧 kenduino2023@gmail.com
📧 elemantursunaliev93@gmail.com
Каттын темасы:
«Билим сапаты боюнча эки баскычтуу изилдөө жүргүзүүгө арыз (WASH жана STEAM), контракт № NDICI ASIA/2024/454-016»