Таза мектеп — ден соолукка жана билимге жол!

Кыргызстандын аймактарындагы мектептерде санитардык шарттарды жакшыртуу иштери уланууда. Мониторингдин алкагында долбоордун кызматкерлери Кыргызстандын түштүк аймагына — Ош облусуна иш сапар менен барышты. Сапардын жүрүшүндө Кара-Суу жана Алай райондорундагы үч мектепте жүргүзүлгөн санитардык инфраструктураны модернизациялоо иштери менен жеринде таанышуу өткөрүлдү. Бардык үч мектепте үч баскычтуу тазалоо мүмкүнчүлүгүнө ээ заманбап анаэробдук септик системалары орнотулду. Бул чечим мектептердеги санитардык шарттарды жакшыртууга, экологиялык коопсуздукту камсыздоого жана окуучулар үчүн гигиеналык жагымдуу чөйрө түзүүгө чоң салым кошот.

Мектеп директорлору белгилешкендей, санитардык шарттардын жакшыртылышынын натыйжасында окуучулардын, өзгөчө кыз балдардын, мектепке келүүсү кыйла жогорулаган. Бул өзгөрүү алардын физиологиялык муктаждыктары үчүн ыңгайлуу шарттардын түзүлүшү менен байланыштуу. Мындан тышкары, ОРВИ жана ичеги-карын оорулары сыяктуу жугуштуу оорулардын учурлары азайганы байкалган. Бул факт санитардык-гигиеналык инфраструктураны жакшыртуунун балдардын ден соолугу жана билимге жетүүсү үчүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу тастыктады.

Эске салсак, “Жагымдуу окуу чөйрөсүн түзүүгө көмөктөшүү” долбоорунун алкагында өлкөнүн региондорунда жайгашкан 13 мектепте дааратканалар модернизацияланып, санитардык түйүндөргө ремонт жүргүзүлгөн. Бул иштердин натыйжасында миңдеген окуучулар үчүн коопсуз, гигиеналык жана ыңгайлуу окуу шарттары түзүлдү.