26-сентябрда «Оберег» реабилитациялык борборунда мекеменин негизделгенине 22 жыл толгондугуна арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Маараке “Жагымдуу окуу чөйрөсүн түзүүгө көмөктөшүү” долбоорунун колдоосу менен уюштурулду.
Программа борбордун директору Ольга Николаевна Джабраилованын куттуктоо сөзү менен ачылып, ал «Оберегдин» өзгөчө көңүл бурууну жана камкордукту талап кылган балдарды колдоо жана өнүктүрүүдөгү маанилүү ролун белгиледи. Ошондой эле долбоордун эксперти куттуктоо сөзүн айтып, Борбордун инклюзивдүүлүк жана гуманисттик баалуулуктарды жайылтууга кошкон салымын белгилеп өттү.
Иш-чарага артисттердин чыгармачыл куттуктоолору жана борбордун тарбиялануучусу Алмазбек кызы Мунарынын ыр аткаруусу кошумча көрк берди. Мааракенин соңунда ата-энелер ыраазычылык сөздөрүн айтып, борбордун жамаатына жана өнөктөштөрүнө колдоо үчүн ыраазычылык билдиришти.
Мааракенин алкагында “Жагымдуу окуу чөйрөсүн түзүүгө көмөктөшүү” долбоору балдарга мектепке керектүү кеңсе буюмдары жана рюкзактардан турган белектерди тапшырды. Балдар үчүн өзгөчө белек болуп, кубаныч жана майрамдык маанай тартуулаган чоң куурчактардын шоусу көрсөтүлдү.
«Оберег» борборунун 22 жылдык тарыхы — бул камкордукка, колдоого жана биргелешкен аракеттерге толгон жылдар. Борбордун жамааты, ата-энелер жана өнөктөштөр биргелешип балдардын гармониялуу өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө салым кошуп келишет.


