2024-жылдын 11-июнунан 11-августуна чейин Европалык Союздун “Жагымдуу окуу чөйрөсүн түзүүгө көмөктөшүү” (WASH) долбоорунун колдоосу менен “Социологиялык, саясий жана социалдык-психологиялык изилдөөлөр борбору” тарабынан Кыргызстандын айылдык 19 мектебинде WASH (Суу, санитария жана гигиена) жана STEAM (Илим, технология, инженерия, искусство жана математика) шарттары боюнча сурамжылоо өткөрүлдү. Изилдөөнүн максаты – мектептердин учурдагы абалын баалоо жана негизги маселелерди аныктоо.
Негизги багыттар:
- WASH темалары окуу программасына киргизилгенби;
- Мугалимдердин билими жана окуучулардын гигиеналык эрежелерди сактоосу;
- STEAM сабактарынын абалы, жабдуулардын жеткиликтүүлүгү;
- Окуучулардын STEAM сабактарына кызыгуусу.
Катышуучулар: Изилдөөгө Кыргызстандын 6 аймагынан 19 мектеп тандалды. Алар эң муктаж жана жетишсиз шарттарда иштеген билим берүү мекемелери болуп эсептелет.
Жыйынтыктар: Көп мектептерде ички дааратканалар начар абалда, жылуу суу жетишсиз. STEAM жаатында болсо, мектептердин 32,6% гана жабдуулар жетиштүү деп эсептейт, 43,8% орто, 23,6% начар деп белгилешкен. Бул лабораторияларды жаңыртуу жана окуу материалдарын камсыздоо зарылдыгын көрсөтөт.
Сунуштар:
STEAM лабораторияларын ачуу:
- Ляшенко атындагы орто мектеби, Ысык-Көл
- Кыргызстан 60 жылдыгы атындагы орто мектеби, Баткен
- Салихов атындагы орто мектеби, Баткен
- Ю.А. Гагарин атындагы №27 орто мектеби, Жалал-Абад
- Жоомарт Бөкөнбаев атындагы интернат мектеби, Жалал-Абад
- Сыдык Алайчы уулу атындагы №87 мектеп-гимназиясы
WASH шарттарын жакшыртуу:
- Төмөнкү-Чүй интернаты
- Аламүдүн №1 орто мектеби
- И. Айдарбеков атындагы мектеп-гимназиясы
- Роза Азимова атындагы №13 орто мектеби
- Ю.А. Гагарин атындагы орто мектеби
- А. Масалиев атындагы №17 орто мектеби
- Бабур атындагы орто мектеби
- М. Гапаров атындагы интернат мектеби
- Кадырмамат атындагы №4 интернат мектеби
- Отунчиев атындагы №2 орто мектеби
Жыйынтык: Бул изилдөө айыл мектептеринде WASH жана STEAM шарттарын жакшыртуу зарылдыгын көрсөттү. Финансылык жана техникалык колдоо мектептердеги билим берүү жана санитардык шарттарды жакшыртууга жардам берет.
Жогорудагы шилтеме аркылуу изилдөөнү таба аласыз:
https://drive.google.com/file/d/1L39mcnQK8XusesWeZeyOiTQra8-nCavV/view?usp=drive_link