Конкурс жарыясы: Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн инклюзивдүү билим берүүнү колдоо

Кыргыз Республикасында мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн инклюзивдүү билим берүүнү өнүктүрүү багытындагы субподряддык кызмат көрсөтүү боюнча конкурс жарыяланат. Конкурс жергиликтүү тажрыйбалуу уюмдар арасында өткөрүлөт.

Долбоордун максаты:
Инклюзивдүү билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу төмөнкү багыттар боюнча:

  • Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иштөө үчүн мугалимдерди жана ассистенттерди даярдоо;
  • Мектептерде жеткиликтүү жана инклюзивдүү чөйрөнү түзүү;
  • Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн ылайыкталган окуу материалдары менен камсыз кылуу.

Негизги милдеттер:

  • Кыргыз жана өзбек тилдеринде методикалык колдонмолорду иштеп чыгып, коомчулукка таратуу;
  • Мугалимдер үчүн жок дегенде 10 тренинг өткөрүү;
  • Жергиликтүү бийлик, мектептер, ата-энелер жана жарандык коомдун катышуусунда инклюзивдүү чөйрөнү түзүү боюнча жок дегенде 3 иш-чара өткөрүү.

Иштин мөөнөтү: 2025-жылдын июль айынан тартып 8 айга чейин.
Төлөм шарты: Контрактка кол коюлгандан кийин 90% аванс, соңку отчет тапшырылгандан кийин 10% төлөм.

Конкурс инклюзивдүү билим берүү жана социалдык кызмат көрсөтүү тармагында тажрыйбасы бар уюмдар үчүн ачык.

Өтүнмөлөрдү тапшыруунун акыркы күнү: 2025-жылдын 23-майына чейин

Техникалык тапшырма боюнча толук маалымат бул шилтеме аркылуу жеткиликтүү: ТЗ