Европа Биримдигинин колдоосу менен Чүй облусундагы мектептерди жакшыртуу
Чүй облусундагы билим берүү мекемелери Европа Биримдигинин “Жагымдуу окуу чөйрөсүн түзүүгө көмөктөшүү” долбоорунун колдоосу менен ири оңдоп-түзөө иштери өткөрүлдү. Эки өз алдынча долбоордун алкагында үч мектепте ири оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, окуучулар жана мугалимдер үчүн шарттар жакшыртылды.
Долбоор 1:
Подрядчы: ЖЧК “Токстрой”
Бенефициарлар:
- И. Айдарбеков атындагы №115 мектеп-гимназиясы;
- Аламүдүн №1 орто мектеби.
Негизги иштер:
- Интерактивдүү такталарды орнотуу;
- Электр зымдарын, лампаларды, розеткаларды жана өчүргүчтөрдү алмаштыруу;
- Суу жана канализация системаларын оңдоо;
- Дааратканаларды жаңыртуу: унитаздарды, кол жуугучтарды, суу ысытуучу жабдууларды жана бөлүкчөлөрдү орнотуу;
- Ички дубалдарга жана полдорго керамикалык плиткаларды төшөө;
- Кире бериш эшиктердин үстүнө күн каптарды жана Аламүдүн мектебинде терезе блокторун орнотуу.
Долбоор 2:
Подрядчы: ЖЧК “Плаза”
Бенефициар:
- Нижнечүй атайын башталгыч мектеп-интернаты (өзгөчө билим берүү муктаждыгы бар балдар үчүн).
Негизги иштер:
- Электр зымдарын, лампаларды, розеткаларды жана өчүргүчтөрдү алмаштыруу;
- Суу камсыздоо тутумун жаңыртуу;
- Жаңы санитардык жабдууларды, суу ысытуучу аппараттарды жана бөлүкчөлөрдү орнотуу;
- Дааратканаларды оңдоо жана керамикалык плиткаларды төшөө;
- Кире бериш эшиктердин үстүнө күн каптарды жана терезе блокторун орнотуу.
Долбоорлордун мааниси
Европа Биримдигинин колдоосу менен бул мектептердин инфраструктурасы бир топ жакшыртылып, окуучулар жана мугалимдер үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттар түзүлдү. Бул долбоорлор аймактагы билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Долбоорлор Европа Биримдиги тарабынан каржыланат.



Видеолорду ылдыйкы шилтеме менен ачсаныз болот.

